Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Связанный пост