«Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге  4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү

 «Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо» долбоорунун алкагында ишкерлерге  4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча “Өнөр жайлык өз ара аракеттенүү 2023” бизнес-форумуна катышты.

Форумга тигүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашуун өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты – бизнес климатты жакшыртуу жана инвестицияны стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлер менен натыйжалуу иштешүү. Ишкерлер ата мекендик продукцияны экспорттоо жана каржылоо боюнча суроолор менен карылышты.

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.Татиков «Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо» долбоорунун алкагында кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. «Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылууда жана 2027-жылга чейин уланат. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 7 миңден ашык ишкер жалпысынан 4 миллиард 389 миллион сомдук каржылык жардам алышты”, – деп маалымдады Финансы министринин орун басары.

Связанный пост