Камбар-Ата-1 ГЭСин үч өлкө -Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан курууну пландоодо

 Камбар-Ата-1 ГЭСин үч өлкө -Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан курууну пландоодо
5-сентябрь 2023-жылы Бишкекте Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан тармактык жана энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрүнүн “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу долбоорун даярдоо боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында аталган үч өлкөнүн энергетика министрлери тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну жана пайдаланууну ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлган.
Келечектеги ГЭСтин кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болот. ГЭСтин суу сактагычынын көлөмү 5,4 миллиард куб метрди түзөт. Станция жыл сайын орто эсеп менен 5,6 миллиард киловатт саат
электр энергиясын өндүрөт. Долбоорду 2025-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда.

Связанный пост