Бишкекте акциздик маркасы жок 3 миң кутудан ашык тамеки тартып алынды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкектин Орто-Сай базарынын аймагында акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатуу фактыларын аныкташты.
Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы 3 миң 392 куту тамеки тартып алынган.
Көрсөтүлгөн бузууларга жол берген ишкердик субъектине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Салык кызматы жарандарды акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалары менен тамеки жана алкоголдук продукцияларды сактоо жана сатуу фактылары табылган учурда жергиликтүү салык органына же (0779)61-31-89 номери боюнча ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат.
Алкоголдук жана тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоого багытталган иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.