ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча масштабдуу иш-чараларды жүргүзүүдө.
14-августта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Интерпол УББсы Түркия Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операция өткөрдү.
Натыйжада, Бишкек шаарынын аймагынган 1979-жылы туулган О.Г. кармалган. Ал түрк полициясынын денесине оор залал келтирип, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.
15-августта ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизинде, Казахстан Республикасынын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган М.у.Д. кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер Ж.К. жана К.М. аттуу жарандарга таандык 395 000 сом акча каражатын ээлеп алышкан.
Мындан тышкары, ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизинде, Алматы шаарынын аэропортунан Кытай Эл Республикасынын жараны 1978-жылы туулган С.Г. кармалып, ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө жарыяланган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Ошондой эле, ИИМдин Интерпол УББсы менен КР Башкы прокуратурасынын биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А., аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу, 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 000 000 АКШ доллар өлчөмүндө зыян келтирген.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.