Чүй облусунун мектептеринде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” жана “Айчүрөк” уюмдары иштей баштайт
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин демилгеси менен Президенттин инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы боюнча, ар тараптуу изилдөө жана элге жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктарын аткаруу максатында Чүй облусу боюнча «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Айчүрөк» мектеп уюмдары түзүлдү.
Ал уюмдар Аламүдүн районундагы Иманалы Айдарбеков атындагы №1-Лебединовка мектеп-гимназиясында пилоттук этаптан ийгиликтүү өтүштү. Эми жаңы окуу жылынан баштап Чүй облусунун бардык мектептеринде иштей башташат.
“Манас” – бизге улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык биримдикти чыңдаарын, ал тынчтыктын, күч-кубаттын жана туруктуулуктун ишенимдүү фактору экенин үйрөтөт. «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Айчүрөк» мектеп уюмдары аркылуу мектеп окуучуларын улуттук ар-намысты ойготууга, алардын атуулдук парзын, эмгекке, мекенге болгон сүйүүсүн ойготууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Маалымдама: Жобого ылайык, “Сейтек” – окууда жана спортто өзгөчөлөнгөн кенже класстын окуучулары кошула алышат. Биринчи класстан баштап эле билимге умтулууга, мектеп жана коомдук тартипти сактоого, чынчыл жана кайраттуу болууга, улууну урматтоого, кичүүгө жардам берүүгө тарбияланат.
“Семетей” – 5-8-класстын окуучуларына жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга үйрөтөт. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, ошондой эле ар кандай чыгармачыл, спорттук-коомдук уюмдар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барат. «Семетей» өспүрүмдөрдү ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган уюм. Орто класстын окуучуларынын рухий жана психологиялык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Ошентип, катышуучуларга сергек жашоо, ар кандай оорулардын алдын алуу, дене тарбия жана туура тамактануу боюнча тарбиялык сааттар өтүүдө.
Жогорку класстын окуучулары үчүн “Манас” уюму лидерлик сапатты калыптандырат. Уюмдун миссиясы – жаштарды коомго активдүү катышууга жана укуктук жана демократиялык Кыргызстандын таянычы болууга даярдоо. «Манас», «Айчүрөк» уюмдарынын мүчөлөрү мектептин социалдык педагогдору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары менен тыгыз кызматташып, окууда жана турмушта кыйынчылыктарга туш болгон окуучуларга жардам көрсөтүп, «Семетей», «Сейтек» уюмдарынын мүчөлөрүнө насаатчы болушат. “Манас” уюму ошондой эле балдар жана жаштар иштери боюнча бийлик органдары менен активдүү кызматташып, билим берүү мекемелериндеги зордук-зомбулукка, бейбаштыкка жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Мындан тышкары, уюм белгилүү инсандардын катышуусунда иш-чараларды уюштуруу менен маданий-тарыхый аң-сезимди жайылтуу, мекенди коргоо үчүн аскердик илимди үйрөнүүгө үндөө максатын көздөйт.