«Газпром Кыргызстан» Бишкектин 46 калктуу конушунан 27 конушту газдаштырды. 2023-жылга болгон пландарда дагы 9 конуш бар

 «Газпром Кыргызстан» Бишкектин 46 калктуу конушунан 27 конушту газдаштырды. 2023-жылга болгон пландарда дагы 9 конуш бар

Компаниянын ишмердигинин убактысында жаратылыш газы борбор калаадагы 27 миң үйгө жеткиликтүү болду, аларда 135 миңден ашык адам жашайт. Бишкекти газдаштыруу деңгээли 66%га жетти.

Бишкектин да, ошондой эле республиканын жаңы калктуу конуштарын газдаштыруу «Газпром Кыргызстан» инвестициялык каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Компания иштеп жаткан 9 жылда республиканын 42 калктуу конушунда 1250 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулган.

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында компания «Кырман» жаңы конушуна газ берүүнү баштаган. 2023-жылдын соңуна чейин Бишкектин дагы 9 конушун газдаштыруу пландалган:

  • «Төкөлдөш» к/к – 11,3 км
  • «Ак-Тилек» к/к – 6,5 км,
  • «Ак-Тилек-Турбаза» к/к – 4 км
  • «Ак-Тилек-2» к/к – 4,3 км
  • «Ала-Арча» к/к – 12,2 км
  • «Бакай-Ата» к/к – 16,2 км (иштерди 2024-жылдын февралына чейин аяктоо пландалган)
  • «Жогорку Көк-Жар» к/к – 4,1 км
  • «Попеновка» к/к – 2,5 км
  • «Товарная» к/к – 3,8 км

Ошондой эле компания төмөнкүдөй калктуу конуштарда долбоорлоо-изилдөө иштерине киришти:

Новопокровка а.

Военно-Антоновка а.

Ак-Босого к/к

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун ремонт жана капиталдык курулуш боюнча орун басары:

«Үстүбүздөгү жылы биз «Кырман» жаңы конушун газдаштыруу боюнча иштерди аяктап, Бишкектин 9 калктуу конушунда жана Чүй облусунун 2 айылында газды бөлүштүрүүчү системаларды курууга кириштик. Курулуп жаткан газ өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 218 км түзөт. Алгач 2 объектти гана газдаштыруу пландалган, бирок экологиялык абалды, ошондой эле энергетикадагы кырдаалды эске алып, биз инвестициялык программага өзгөртүүлөрдү киргизип, жумуштардын көлөмдөрүн кыйла көбөйттүк. Белгилей кетсем, биз мындан дагы көп сандагы калктуу конуштарда куруу иштерин жүргүзүп, газ бере алмакпыз. Бирок биздин чыгашалуу тарифти эске алганда, биздин финансы каражаттарыбыз чектелген, анткени жаңы калктуу конуштарды газдаштыруунун жыл сайынкы инвестициялык программа компаниянын жеке каражаттарынан калыптанат».

“Газпром Кыргызстан” пресс-кызматы

Связанный пост