Министрлер Кабинетинде ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устанын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алынды

 Министрлер Кабинетинде ТИКАнын Кыргызстандагы программалык координатору Осман Устанын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргыз Республикасындагы программалык координатору Осман Устанын үч жылдык миссиясынын аякташы жана мекенине жөнөп жатышы менен байланыштуу аны кабыл алды.

 

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Осман Уста мырзага өлкөнүн координатору катары аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтыктын жаңы көпүрөсүн курууга кошкон салымын жогору баалады.

 

ТИКА эки өлкөнүн ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерин чыңдоо менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаатында көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

Связанный пост