Акылбек Жапаров Кытайдын ири корпорацияларынын жетекчилери менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын бир катар ири корпорацияларынын жетекчилери менен жолукту.

Анда МинКаб Төрагасы Синьцзян соода-логистикалык корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шень Цзиньшен менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар логистика, энергетика жана соода тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

МинКаб Төрагасы Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кытайдын жана Евробиримдиктин рынокторуна кирүү үчүн “терезе” катары иштөөгө даяр экенин белгиледи.

“Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен ВСП+ статусуна ээ, анын аркасында экспортчулар ЕБ өлкөлөрүнө нөлдүк тарифтик ставкалар боюнча товардын 6 миңден ашуун түрүн жеткире алышат. Андан сырткары Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен эркин соода аймагыбыз бар”, – деди Акылбек Жапаров.

МинКаб Төрагасы эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы үчүнчү “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилгенин, анын курулушу жакынкы жылдары ишке ашырыла турганын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда логистикалык борборлорду жана бондалык аймактарды куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

МинКаб Төрагасы бул долбоорлорду ишке ашырууда, атап айтканда, жер тилкесин берүү, ошондой эле ал жерде тиешелүү инфраструктураны даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде кытайлык компаниянын башкармалыгынын төрагасы ГЭСтерди, логистикалык борборлорду жана башка долбоорлорду курууга инвестиция тартууга даяр экенин белгилеп, андан ары ишке ашыруу үчүн бир катар долбоорлорду сунуштады.

МинКаб Төрагасы делегациянын курамы чечимдерди “жеринде” кабыл алууга мумкундук бере тургандай түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Биз сиздерди кызыктырган бардык тармактар боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюуга даярбыз. Унаа жолу же темир жол курулушу бүткүчө күтүүнүн кереги жок, эки тарапты тең кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууну азыртан башташыбыз керек”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Андан ары МинКаб Төрагасы “TBEA Co., Ltd” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген долбоорлорду ишке ашыруунун журушун талкуулашты.

Анда электр энергия менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда түзүлгөн меморандумдарга ылайык Сары-Жаз каскадын жана кВ 500 “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу ишин ишке ашыруу сүйлөшүлдү.

Связанный пост