Калкты каттоо департаменти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 никелерди расмий түрдө каттады

 Калкты каттоо департаменти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 никелерди расмий түрдө каттады
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаменти үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 никелерди расмий түрдө каттады. Өткөн 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда никелердин каттоолордун саны 2 687ге азайды.
Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт Өргөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз, шайкеш келген датада расмий түрдө 62 баш кошуу аземдери болуп өткөн. Жарым жылдын ичинде Бакыт Өргөсүндө өздөрүнүн мамилелерин 1 миң 505 жуп расмий катташкан.
Муну менен катар, Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө баш кошууга ылайык болгон башка күн популярдуу болду. Ал 20.06.23. Бул күнү 19 нике катталган. Жалпы 6 ай ичинде Ош шаарындагы Бакыт Өргөөсүндө 947 нике катталды.
Статистикага ылайык, ажырашуу кызматынын көрсөткүчү төмөндөп жаткандыгы байкалууда. Алсак, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 067 жуп ажырашса, быйыл 5 814 жуп ажырашышты.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын ичинде 66 212 туулгандыкты каттоо иштери жүргүзүлгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 миң 807ге аз. Ал эми өлүм учурларын каттоону алсак, 15 миң 087 өлүм учурлары катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өлүм учурлары 1 миң 345ге аз катталган.

Связанный пост