Бишкекте жаңы окуу жылына даярдыктар уланууда

 Бишкекте жаңы окуу жылына даярдыктар уланууда

Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайгуль Темирканова,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик  инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Ленин районунун мектептерине  көчмө жыйын өткөрдү.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери:
– билим берүү уюмдарын 2023-2024-окуу жылынын башталышына даярдыктар көрүлдү;
– билим берүү уюмунун имараттарын муздак жана ысык борборлоштурулган суу менен камсыздоо, анын ичинде: тамактануу жайларын, ашканаларды, кампаларды,  жуунучу жайларды, өздүк гигиена кабиналарын, медициналык бөлмөлөрдү, эмгек, физика, химия жана биология кабинеттерин, лаборант бөлмөлөрүн, тазалоо инвентарларын жана санитардык блоктордун ишин камсыз кылышты.

МААЛЫМАТ: Текшерүү Билим берүү департаментинин  «Жалпы билим берүү уюмдарын 2023-2024-окуу жылынын башталышына даярдоо жөнүндө» буйругуна ылайык жүргүзүлдү.

Связанный пост