Жыл башынан бери Ош облусунда 50дөн ашуун тилемчилик кылган бала аныкталды

 Жыл башынан бери Ош облусунда 50дөн ашуун тилемчилик кылган бала аныкталды
2023-жылдын 16-август күнү Ош облусунун аймагында “Тилемчи”аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүү го башталды.
Иш чаранын максаты: эл көп топтолгон жерлерде, автобекеттерде, базарларда, автоунаа жол кесилишиндеги жол чырактардын алдында тилемчилик менен алектенген жарандардын жана балдардын мындай көрүнүш менен алектенүүсүнүн себептерин аныктоого багытталган иштерди жүргүзүү.
Ошондой эле, ата-энелери же башка туугандары тарабынан балдарды тилемчиликке мажбурлоо же пайдалануу учурларын аныктоо, же чын эле тилемчилик кылууга муктаж болгондор болсо тийиштүү кызматтарга маалыкаттарды жөнөтүп, аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын социалдык бөлүмдөрдүн, аймактык билим берүү, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Тилемчилик менен алектенип жүргөн балдар Ош облсунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, алар менен укук бузулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын ата-энеси же болбосо аларды алмаштырган жакын адамдары аталган борборго чакыртылып, балдарды тарбиялоодо алардын милдеттери жөнүндө эскертмелер берилет.
Жыл башынан бери бери облус аймагында коомдук коопсуздук багытында 54 рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн, анын ичинен 5 жолу “Тилемчи” аталашында рейд болуп, 50дөн ашуун тилемчилик кылган бала аныкталып, аларды камкордукка алуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш каттар берилген.
Бул иш-чара облустун бардык райондорунда 2023-жылдын 19-августуна чейин уланмакчы.

Связанный пост