Жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында өлкө жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотулууда
Жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында өлкө жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда иштер эки тилкеде жүрүп, Бишкек-Кара-Балта унаа жолуна 50 даана, ал эми Бишкек- Нарын-Торугарт жолуна 100 даана буфер коюлуп жатат. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 см, диаметри 55 смди түзүп, салмагы 200 кг жетет.
Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.
Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.