Жалал-Абад шаарында жыл аягына чейин 20 чакырым жолго асфальт төшөлөт
Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Ленин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, жолдун эки четине тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары жаткырылууда.
Жолдун узундугу 3,5 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт.
Аталган көчөнү реонструкциялоо республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланып, ушул жылдын октябрь айына бүткөрүү белгиленген.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 2023-жылы 20 чакырым жолго асфальт төшөп, 13 чакырым тротуар куруу пландалган.