УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

2023-жылдын 14-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Имаратты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж.Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Э.И.Бахавадинов, Башкармалыктын өздүк курамы, жана ошондой эле Аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Генерал-лейтенант Ташиев К.К. кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы Ташиев К.К. актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган Кыргыз Республикасында коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Связанный пост