Баткен шаарындагы тиш дарылоо мекемелери текшерилди
Баткен санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында Баткен шаарындагы 9 тиш дарылоо жайына текшерүү жүргүздү.
Аталган медициналык мекемелердин санитардык абалы жана тиешелүү документтери текшерилди.
Жарандардын ден соолугуна зыян алып келүү коркунучу бар тиш дарылоо кабинеттеринин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык милдеттендирмелер берилип, иштери токтотулду.
Көрсөтүлгөн кемчилдиктерди, документтерди толугу менен толуктаганга чейин иш жургузо алышпайт.
Мындай санитардык көзөмөл башка жеке менчик тиш дарылоо жайларына, медициналык кабинеттерге улантылууда.