Ак-Өргө конушунда сквер курулууда

Ак-Өргө конушунда сквер курулууда. Иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жаңы аянтчада баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр,отургучтар, тротуарлар, даараткана, аймакты жашылдандыруу каралган.

Сквердин жалпы аянты- 2,4 га.

Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн жаткызуу, скважинаны бургулоо, 164 метр тереңдикте суу соргуч орнотулду, даараткананын пайдубалын кую иштери аяктады.

Учурда даараткананын дубалын орнотуу, тротуарларга бордюр жана таман таш төшөө, сугаруучу суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Дорстройгрупп” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Связанный пост