Ленин районунун акими бала бакчалардын курулушу менен таанышты
Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунда курулуп жаткан 180 орундуу, 2 кабаттуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Учурда иш 90% бүтүп, жерди көрктөндүрүү иштери башталды.
Андан соң, аким №26 бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 1442 чарчы метрди түзөт.
Имаратта кийим-кече, оюн бөлмөсү, кампа, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер үчүн бөлмө, ашкана, изоляциялык бөлмө, тазалоочу шаймандарды сактоочу жай, спорт зал жана музыка бөлмөсү каралган.
Учурда 2-кабаттын кирпичтерин төшөө жана балдар аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.
Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Райондун башчысы Жыргалбек Шакиев аткарылган иштердин сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.