“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын катышуучулары 250 миңден ашты

 “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын катышуучулары 250 миңден ашты

Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына жарандар активдүү катыша башташты.

Бүгүнкү күндө кызыктыруучу лотереяга катышуучулардын саны 251 миң 700 адамды түзүп, 3 жумада 13 миң адамга көбөйдү.

2-июлдан тартып “Салык чек” тиркемеси аркылуу кассалык чектер 1,3 млрд сомдон ашык суммага сканерленди.

Эскерте кетсек, лотереянын утушунун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 байге, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Связанный пост