“Семенов — Тянь-Шаньский” чокусунан 10 күндөн бери чет өлкөлүк жаран изделүүдө

“Хижина Рацекадагы” куткаруу топтун маалыматына ылайык, бүгүн саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого КДМБнын “Эдельвейс” кошуунунан 8 куткаруучу чокусуна чыгып кетишкен.

Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты издөөдөн жыйынтык болгон жок.

Эске салсак, “Семёнов — Тянь-Шанский” чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын “Эдельвейс” тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.

Связанный пост