Алты ай ичинде эмгек мигранттарына 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди

 Алты ай ичинде эмгек мигранттарына 14 млн рубль төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында (иш сапарлары, сүйлөшүүлөрү, РФнын прокуратурасына жана укук коргоо органдарына кайрылуулар) 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан.
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 14 014 800 рублди түздү.

Связанный пост