Биринчи май райондук сотунда жана Дордой базарында бомба коюлгандыгы жөнүндө билдирүү тастыкталган жок

Бүгүн, 21-июль күнү саат 12:17 убактысында Биринчи май райондук сотунун электрондук дарегине “Сегодня в здании Первомайского районного суда и на рынке Dordoi в районе Алканов и Ко мы установили несколько взрывных устройств разной мощности и уже готовы их взорвать” – деген кат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов, Биринчи май райондук ИИБнын тергөө-ыкчам тобтору жана күзөт кызматынын кызматкерлери айланасын курчоого алышкан.
Биринчи май сотунун кызматкерлери жана Дордой соода базарынын соодагерлери, кардарлары эвакуацияланган. Жеринде кинологдор иштешкен.
Жыйынтыгында билдирүүлөр жалган экендиги аныкталган.

Связанный пост