«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды

2023-жылдын 21-июлунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты.

Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда.

Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал эми Ысык-Көлдөн 44 жүргүнчү Өзбекстандын борборуна сапар тартышты.

Связанный пост