“Кыргызиндустрия” ААК менен голландиянын “BIOPHARMAX AVA LLC” компаниясы Кыргызстанда фармацевтикалык завод куруу маселесин талкуулашты

 “Кыргызиндустрия” ААК менен голландиянын “BIOPHARMAX AVA LLC” компаниясы Кыргызстанда фармацевтикалык завод куруу маселесин талкуулашты

«Кыргызиндустрия» ААК, «Бишкек машина куруучу завод» ААК (БМЗ) жана голландиялык «Biopharmax AVA LLC» фармацевтикалык компаниясы Кыргызстанда дары-дармектерди өндүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө фармацевтикалык заводдун курулушу боюнча жер менен таанышуу максатында «БМЗ» ААКсынын аймагына иш сапары менен барышты.

Алдын ала макулдашуу боюнча, «Кыргызиндустрия» ААК өндүрүштүк инфраструктурасын камсыздашы керек, ал эми голландиялык компания дары-дармектерди жана препараттарды өндүрүүнүн алдыңкы технологиясын берет.

Бул кызматташтык дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өлкөдөгү фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

«Кыргызиндустрия» ААК – Кыргызстандын экономикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга адистешкен алдыңкы өнөр жай компаниясы болуп саналат.

Связанный пост