Бишкекте соттун чечими менен курулуп жаткан көп кабаттуу үй бузулат
Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында өз алдынча объектилердин курулушуна бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.
Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Чуйков көчөсү 132/2 дарегиндеги көп батирлүү турак-жай бузулууга тийиш, анын заказчысы «Эконом Хаус» ЖЧКсы. “Эконом Хаус” ЖЧКсы өз алдынча курган көп кабаттуу турак жайды бузууга милдеттүү.
Ошондой эле, Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 14-февралындагы чечими менен Биринчи май сотунун чечими күчүндө калтырылган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2022-жылдын 30-майындагы чечими менен иш биринчи инстанцияда жаңыдан кароого жиберилген.
Жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 17-февралындагы чечими менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы доо арызы толугу менен канааттандырылды.
Учурда Биринчи май сотунда соттук териштирүү уланууда.