Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 11-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышышты.
Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.
Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт.
Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, ал улуттук кийимчен бийлер, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн нерселер менен коштолду.