“Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган

 “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган

2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган.

Ошондой эле 2024-жылга 55,8 млрд сом, 2025-жылга 57 млрд сом каралган. Кошумчалай кетсек, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын жыл сайын жылуулук энергиясын субсидиялоого каражат бөлүнүп турат.

Связанный пост