Ош шаарынын мэриясы КЭР менен биргеликте инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту.
М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, Ош шаарына газ жана электр кубаты менен жүргөн заманбап үлгүдөгү автобустарды жеткирүү маселеси тууралуу сүйлөшүлдү.
Жолугушуунун соңунда тараптар аталган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Связанный пост