Туристтик милиция Ысык-Көл облусунун меймандарына кам көрүшүүдө

Туристтик милиция Ысык-Көл облусунун меймандарына кам көрүшүүдө. Бул тууралуу Ысык -Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусунун туристтик маршруттарында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын 40тан ашык кызматкерлери чет өлкөлүк туристтерге жана жергиликтүү эс алуучуларга жардам беришүүдө.
«Ысык-Көл облусу республиканын туристтик аймагы болуп саналгандыктан, туристтик милициянын кызматкерлери бизде эӊ меймандос кызматкерлер болуп саналат. Алар бардык туристтик объектилер жөнүндө маалыматтарды билишет. Келген меймандарыбызга эӊ кызыктуу жана кооз туристтик багыттарды, кайсыл жер мейманканалар орун алгандыгы, же болбосо туристтер өздөрү белгилеген багыттарды көрсөтө алышат», — деп белгилешет облустук милициядан.
Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери – бул коомдук коопсуздукту камсыз кылган кызматкерлери гана эмес, алар, ошол эле учурда гиддердин жана котормочулардын да милдеттерин аткара алышат. Аларды, «Tourist ecological militia» деген жазуусу бар атайын төш белгисинен танууга болот.
«Туристтик-экологиялык милициянын бардык кызматкерлери чет тилдер курсун жана туристтер менен баарлашуу эрежелерин үйрөтүүнү камтыган зарыл болгон даярдыктан өтүшөт», — дейт Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын командири, милициянын полковниги Бакыт Абакиров.

Связанный пост