Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды

 Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды
Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан тротуар курууга тоскоол болгон Эр-Тайлак көчөсү №4 үйүнүн дубалы түрттүрүлдү.
Башкармалыктын кызматкерлери объекттин ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин өз ыктыяры менен тротуарга чыккан капиталдык тосмону, гаражды жана темир дарбазаны демонтаждоодо. Тосмонун узундугу 25 метр, гаражы 4×5 метрди түзөт.
Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча билдирүүлөр берилген.

Связанный пост