Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 4-июлда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.
Көрүнүктүү маданият ишмерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, бир катар маданият ишмерлери, маркумдун туугандары жана жакын санаалаштары катышты. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган.

Связанный пост