Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган”  стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө

Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган”  стационардык аппараттык-программалык комплексси иштөөдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү максатында, Ысык-Көл облусунун   Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган”  стационардык аппараттык-программалык комплекссин ишке киргизди. Түшкө чейин бул аппараттык комлексстин жардамы менен  ЖКККББнын кызматкерлери  5 авто унаанын  ар кандай эреже бузгандыгын  аныктап,  убактылуу айып короо жайына токтотушту.

Бул “Авто Ураган”  стационардык аппараттык-программалык комплексси аркылуу авто унаалардын

-Издөөдө жүргөндүгүн;

-Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;

-Каттоосу убактылуу токтотулгандарын;

-Ылдамдыкты ашырып айдагандарын  жана башка баардык укук бузууларын аныктайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  айдоочулардан  авто унаанын айып пулдарын  өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгууңуздарды эскертет.

Эскерте кетсек 25-июндан тартып, Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка”  көзөмөл-өткөрмө пунктунда да  стационардык  аппараттык-программалык комплекси ишке кирген.

Связанный пост