Бишкектин жаш тургундары Ысык-Көлгө эс алууга кетишти

Жаш бишкектиктер Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан «Дзержинец» балдар лагерине эс алууга барышты.

Эс алуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, реабилитациясын камсыз кылуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын жана кароосуз калгандардын алдын алуу максатында уюштурулуп, 360 бала жөнөтүлдү.

Балдар эки агымда эс алышат: биринчи агым 30-июндан 10-июлга чейин жана экинчи агым 10-июлдан 20-июлга чейин.

Лагерге борбор калаадагы мектептердин биринчи агымынын 8 жаштан 15 жашка чейинки 200 окуучусу эс алууга кетишти.

«Дзержинец» жайкы лагеринде Бишкек шаарынын мектептеринде социалдык жактан корголбогон үй-бүлө категориясындагы балдар: жетим, жарым жетим, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ата-энеси майып балдар, ошондой эле отличниктер, активисттер жана шаардык, эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү эс алышат.

Связанный пост