Ысык-Көлдө тиешелүү иш кагаздары жок куштарды ээлеринен алып, жапайы жаратылышка коё беришти

Жаратылыш ресурстары министирлигинин тапшырмасы менен Ысык-Кɵл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери туристтик мезгилде, Ысык-Көлдүн жээгинде экономикалык пайда көрүү максатында жарым-жартылай эркин шартта кармалган жырткыч куштарды аныктоо боюнча (шумкарлар, бүркүттөр,) рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында тиешелүү иш кагаздары жок куштарды кармаган жарандардын куштары алынып 10 даанасы жапайы жаратылышка коёберилди жана айрымдарына эскертүү берилип жакынкы арада тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү милдеттендирилди. Ошондой эле жырткыч куштарды кармаган жашы жете элек балдарга жана ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетчү жагдай жырткыч куштарды мыйзамсыз сатып алуу жана кармоо фактылары аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте токтоосуз чаралар көрүлөт.

Связанный пост