Бишкекте жылдын аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу бүтөт

Борбор калаада курулуп жаткан бала бакчаларга пресс-тур өткөрүлдү.

Журналисттер конуштардагы бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Биринчи объект Калыс-Ордо конушу болду, анда 140 орундуу жана 7 тайпага ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталган. Имараттын аянты 1390 м2, аянты 0,68 га.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана,  жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Бала бакчаны шаардык бюджеттин эсебинен подрядчы – «Арай» ЖЧКсы куруп жатат.

«Дордой» конушунда учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү.

Жер участогунун аянты 0,57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык бөлмөлөр каралган. Подрядчы — «Монолит Строй» ЖЧКсы.

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты 0,8 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Связанный пост