Бишкекте автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү улантылууда

Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бригада бордюрларды орнотууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда.

Ошондой эле, бардык иштер аяктагандан кийин Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат . Ал жерге таман таштар төшөлүп, темир торчолор алмаштырылып, оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Связанный пост