Ош облусунда 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат

 Ош облусунда 1,4 гектар аянтка логистикалык борбор курулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйын өткөрүп, анда жерлерди трансформациялоо маселелери талкууланды.

Алсак, Министрлер Кабинетинин чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулду.

Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келет.

Связанный пост