Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Куттуу Курман айт майрамына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана жакшы тилектерибизди кабыл алууңузду өтүнөм. Ушул бакытка толо күндөрдө сизге чың ден соолук, бакыт жана Сиздин жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине -тынчтык жана коопсуздук, бакубатчылык жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Таза ислам дининин түбөлүк баалуулуктарын камтыган дүйнө мусулмандарынын бул ыйык майрамы кылымдар бою элдерибиздин ынтымагына, биримдигине жана тилектештигине өбөлгө болуп келет.

Анын бийик руханий идеалдарына ылайык, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы салттуу достук, ынак коңшулук жана жаратман кызматташтык мамилелери мындан ары да өсүп-өнүгүп, элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы мазмун менен байытыла берет”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост