Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Мусулман дүйнөсүндө чоң кубаныч жана бакыт менен майрамдалган даңазалуу Курман айт майрамы менен Улуу урматтуу Сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктайм.

Биздин дос элдердин акыркы жылдары бекемделип жаткан тарыхый ынтымагы жана биримдиги, тынчтыкты, бейпилдикти жана өз ара ынтымакты даңазалоого багытталган бул майрамдын маанисине шайкеш келет.

Сиз менен бирге жасалган иштердин жана биздин жалпы умтулууларыбыздын натыйжасында боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар ар тараптан бекемделип, ал эми боордош өлкөлөрдүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да күчөп, өнүгө берет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Учурдан пайдаланып Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө чың ден-соолук жана бакыт каалады.

Связанный пост