«Манас» бажысы сары металл сыныктарын мыйзамсыз алып чыгуу фактыларына бөгөт койду

«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, «Бишкек-Анкара» авиакаттамы боюнча «М.З.Т.» КР жаранынын жүгүнө жүргүзүлүп жаткан бажы контролунун жана текшерип кароонун алкагында жалпы салмагы 198,63 граммды түзгөн сары металл сыныктарын декларациялабоо фактысын аныктады.
КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товардын баасы 397 269 сомду түзгөн.
Ушундай эле факт “К.М.А.” КР жаранынын жүгүн бажы көзөмөлү жана текшерүү учурунда да аныкталган. Товардын жалпы салмагы 150,24 граммды түзсө, Кыргыз Республикасынын
Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысы боюнча баасы 308 миң 480 сомду түзгөн.
Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост