«Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

 «Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

«Бишкексууканал» башкармалыгы «Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам, таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүзөт.

 

7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан.

 

Жалпы саны 258 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген.

 

Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» башкармалыгы абоненттерге муздак суу берүү жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча квитанцияларды жеткирип турат.

 

Квитанцияда абоненттин төмөнкү маалыматы чагылдырылат:

 

– муздак сууну керектөө нормасы;

– дебитордук карыз;

– жашоочулардын саны;

– муздак сууга тариф;

– саркынды суу үчүн тариф.

Связанный пост