Туристтик сезондо көлдүн жээгинен жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт

 Туристтик сезондо көлдүн жээгинен жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт
Туристтик сезондо көлдүн жээгинен жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинен маалымдашты.
Жаратылыш ресурстары министиринин орун басары К.У. Касейиновдун тапшырмасы менен Ысык-Кɵл-Нарын регионалдык башкармалыгына туристтик мезгилде, Ысык-Көлдүн жээгинде экономикалык пайда көрүү максатында жарым-жартылай эркин шартта кармалган жырткыч куштарды аныктоо боюнча (шумкарлар, бүркүттөр,) рейддик иш-чараларды жүргүзүнү тапшырды.
Жырткыч куштарды мыйзамсыз сатып алуу жана кармоо фактылары аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте токтоосуз чаралар көрүлөт.

Связанный пост