Бишкекте үй тибиндеги бала бакчага 500дөн ашуун бала барууда

 Бишкекте үй тибиндеги бала бакчага 500дөн ашуун бала барууда

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы үй тибиндеги бала бакчаларда 500дөн ашык бала тарбияланууда.

2023-жылдын 15-июнуна карата 997 арыз түшкөн, анын ичинен 779у Бишкек шаарынан келип түшкөн:

Ленин району – 461,

Биринчи Май району – 235,

башкалар – 83.

Окутуу үчүн 350дөн ашык адамды камтыган 30 топ түзүлдү. 487 катышуучу онлайн режимдеги курсту аяктады.

Жыйынтыгында 341 адам сертификат алса, 98 катышуучу жеке ишкер катары каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Связанный пост