Жылдын башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү

 Жылдын башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар Департаменти билдирет.

2023-жылдын башынан бери сатып алуучу уюмдар мамлекеттик сатып алуулар порталында жалпы суммасы 15,5 млрд сомго 101 675 товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алууну жарыялашкан.

Анын ичинен 99 330 сатып алуу ийгиликтүү аяктап 14,5 млрд сомду түздү. Анын ичинен 9,1 млрд сомдук товарлар, 4,2 млрд сомдук жумуштар, 1,1 млрд сомдук кызмат көрсөтүүлөр жана 0,09 млрд сомдук консултациялык кызмат көрсөтүүлөр.

Связанный пост