Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда

 Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда

Жумуш сапары менен Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда.

 

Форумга катышуусунун алкагында Адылбек Касымалиев “Газпромбанк” АКнын көргөзмө аянтына барып, анын продукциялары менен таанышты.

 

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда кызматташууну кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда банктык контракттарды коштоо технологиясын колдонуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Связанный пост