16-июнда поезд менен Бишкектен Балыкчыга каттам жанданат

 16-июнда поезд менен Бишкектен Балыкчыга каттам жанданат

2023-жылдын 16-июнунан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.

Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де келет.

Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.

Связанный пост