Эмгек министрлиги жайкы лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 240 балага ылайыкталган «Жалын» жайкы лагеринде эс алуу уюштурулду.

Министр К. Базарбаев балдарга жакшы эс алууну каалап, жылуу сөздөрүн айтып, балдарды лагерге узатты.

Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка , көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ден соолукту чыңдоого жетише алышат.

Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан үч агым уюштурулуп,лагерде 550дөн ашык бала эс ала турганы пландалууда.

Связанный пост