Талдык айылында 60 орундуу бала бакча курулду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылында бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү.

Катта-Талдык айылдык аймагынын Талдык айылындагы республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн, жалпы сметалык баасы 32 млн. сом болгон «Карлыгач» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Машрапова Гүлай Эгемназаровна, Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары, айылдын тургундары катышты.

Жаңы бала бакчанын жалпы аянты 828,8 чарчы метрди түзүп, 60 кичинекей орунга ылайыкташкан. Бул жерде оюн бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр, кийим-кече, ашкана, кампа, ошондой эле гимнастика, музыка жана медициналык кабинет болот.

Балдарыбыздын ыңгайлуу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бала бакчанын ачылыш аземинде Э.Толтоев КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаевдин атынан сөз сүйлөп, облусубузда бала бакчалардын санын көбөйтүү боюнча бир топ иштер аткарылганын, билим берүү тармагына Президентибиз тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгилеп, Талдык айылынын тургундарын куттуктап, курулушка көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирип, облус башчысынын атынан Ардак грамоталар тапшырылды.

Айыл тургундарын ушул заманбап бала бакчанын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ал биздин кичинекей бөбөктөрүбүздүн билим алуусу жана өсүп-өнүгүшү үчүн коопсуз жана камкор жайга айланат деп ишенебиз. Бул балдар бакчасынан балдарыбыз татыктуу тарбия алып, Кыргызстаныбыздын даңкын далайга жеткирген, келечекте өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн салымдарын кошо турган мекенчил, кесипкөй инсандар чыгарына тилектешпиз.

Связанный пост