«Түндүк-Чыгыш» бажысы тарабынан автоунааны мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды

 «Түндүк-Чыгыш» бажысы тарабынан автоунааны мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз унаа ташуу фактысын аныкташты.

2023-жылдын 11-майында Бириккен Араб Эмираттарынан «Б.Б.И.» аттуу жарандын дарегине 2016-жылы чыгарылган Lexus-NX200T маркасындагы унаа келген. Көрсөтүлгөн унаага бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда унаанын чыгарылган күнү 2016-жылдын сентябры деп көрсөтүлгөнү аныкталган. Бажы төлөмдөрү чыгарылгандан тартып 6 жыл өткөн автоунаалар катары эсептелген.

Бирок, «Carfax» расмий сайтында жазылгандай, «Lexus-NX200T» унаасы 2016-жылдын апрель айында чыгарылган, башкача айтканда, чыгарылгандан бери 7 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, тиешелүү бажы төлөмдөрү башка чен менен эсептелиши керек болчу.

Бул факт боюнча төлөнбөгөн төлөмдөрдүн айырмасы 342 478 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост