Борбор калаанын Свердлов районунда диний мекемелерде рейд өтүүдө

 Борбор калаанын Свердлов районунда диний мекемелерде рейд өтүүдө

Свердлов районунун комиссиясы диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейддерди жүргүзүүдө.

Рейддик иш-чаранын негизги милдети диний иш-чараларга титул жана уруксат кагаздарын, жалпы санитардык абалды текшерүү.

Демек, медресени текшерүүдө негизги көңүл окуучулардын санына, мугалимдердин сапатына, ата-энелердин уруксатынын болушуна, санитардык абалына, уруксат кагаздарына бурулган.

Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында санитардык нормалардын сакталбагандыгы үчүн комиссия тарабынан 28 акт, 28 буйрук жана 27 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 159 миң сом айып салынган.

Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январында №19- буйругу менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында түзүлгөн.

Жумушчу комиссия жыл сайын Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жайгашкан диний мекемелердин, мечиттердин, медреселердин, намазканалардын ишмердүүлүгүн текшерип турат.

Комиссиянын курамына муниципалдык администрациянын, райондун МАБнын, РИИБнын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, Мамэкотехинспекциянын, облустук архитектуранын жана Бишкек казыятынын өкүлдөрү кирди.

Связанный пост